ДИНОЗАВРЛАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИНОЗАВРЛАР (Dinosauria) – сойлоочулардын тукум курут болгон, саны эң көп түркүмү. Динозаврлардын алгачкы түрү орто триас мезгилинде, акыркы түрү бор мезгилинин аягына чейин жашаган. Узундугу 25 мге жеткен. Динозаврлардын түпкү теги – триастык архозаврлар-текодонттор болгон. Айрымдары (жырткыч Динозаврлар, орнитоподдор) эки буттап, башкалары (стегозаврлар, мүйүздүү Динозаврлар) төрт бут-

тап баскан. Динозаврлардын бир нече жүз түрүн бириктирген 2 түркүмү – кескелдирик учалуу (апатозаврлар, диплодок) ж-а куш учалуу Динозаврлар (игуанодонттор, өрдөк тумшук Динозаврлар, стегозаврлар, заурлоф) болгон. Алар кургакта, кээ бири сууда жашаган.