ДИОД
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИО́Д [ди... ж-а (электр)од] – бир тарапка гана ток өткөрүүчү эки электроддуу прибор. Анын электр-вакуумдуу (кенотрон), жарым өткөргүчтүү же газ разряддуу (иондуу) түрү бар. Вакуумдуу же иондуу Диоддун электроддору: катод – электрондордун булагы, анод – электрондорду кабыл алгыч. Мында аноддун потенциалы катодго караганда оң болгондо гана электрондор катоддон анодду карай өтүп, электр тогу пайда болот, эгер терс болсо, электрондор андан түртүлүп, электр тизмеги боюнча ток жүрбөйт. Диод радиотехникада, электроникада, энергетикада өзгөрмө токту түзөтүү, детекторлоо, жыштыкты өзгөртүү ж-а көбөйтүү, электр тизмектерин алмаштырып туташтырууда колдонулат.