ДИОКЛЕТИАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИОКЛЕТИА́Н Гай Аврелий Валерий (243, Диоклея – 313- ж-а 316-жылдар аралыгы, Далмация) – Рим императору (284–305). Катардагы жоокерден аскердик жогорку кызматтарга чейин жеткен. Император Нумериандын тушунда анын сакчыларын жетектеген, ал дүйнөдөн кайткан соң, император деп жарыяланган. Рим империясы экономикалык, социалдык ж-а саясий жактан начарлаган учурда бийликке келип, императордук бийликти күчөткөн. Империяны чыңоо үчүн бир катар реформаларды жүргүзгөн: аскерлердин саны 450 миңге жетип, чек аралык коргонуу системасы түзүлгөн; акча жүгүртүүнү жөнгө салган; империядагы бөлүп-жаруучулукту күч м-н баскан. Диоклетиан 305-жылы бийликтен ыктыяры м-н баш тарткан.