ДИОКСАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИОКСА́Н , д и э т и л е н д и о к с и д – циклдүү жөнөкөй эфир; түссүз, күйүүчү суюк­тук, молекулалык массасы 88,1, эрүү t 11,8°; кайноо t 101°С.

О Н2С СН2 Н2С СН2 О Диоксандын аба м-н аралашмасы жа­рылат. Суу, спирт, эфир м-н ара­лашат. Сакталуу учурунда жары­луучу пероксидди пайда кылат, химиялык касиети алифаттык жөнөкөй эфирлерге окшош, Na, NH3, кислота, щелочтордун таасирине туруктуу; бромдоо ж-а сулфирлөө үчүн колдонулуучу окси бирикмелер­ди пайда кылат. Өнөр жайда этиленгликолдон, хло­рестен ж-а этилен оксидинен алынат. Диоксан ча­йырларга, каучуктарга, эфирлерге, майларга, целлюлозаларга эриткич катары; нефть майла­рын тазалоодо; сыр, желим даярдоодо ж-а түрдүү органикалык бирикмелерди синтездөөдө колдонулат.