ДИОКСИН
ДИОКСИ́Н – чөйрөгө терс таасир этүүчү химиялык уулуу зат; полихлордошкон дибензодиоксин тобуна кирет. Диоксин химия, целлюлоза-кагаз, металлургия ж. б. өнөр жай тармактарынан чыккан булгоочу зат болуп эсептелинет, ошондой эле өнөр жай ж-а тиричилик калдыктарын, коргошун кошулмалары бар бензинди, дизель отунун ж. б-ларды жакканда, токой өртүндө да пайда болот. Диоксин өтө туруктуу бирикме болгондуктан, топуракта (ажыроо мезгили 10–20 жылдай), өсүмдүктө ж-а адам организминде (бир нече ай) топтолот. Бүгүнкү күндө Диоксиндин канцерогендик ж-а мутагендик касиетке ээ экендиги аныкталууда. Айрым чет өлкөдө (АКШ, Швеция, Германия ж. б.) Диоксиндин адам организмине тийгизген таасири изилденип, төмөнкү терс кесепеттери аныкталган: балдардын аз ж-а тубаса кемтик төрөлүшү, өсүүсүнүн ж-а акыл-эсинин начарлашы, өлүмүнүн көбөйүшү ж. б. Ошондой эле Диоксиндин концентрациясынын жогорулашы ички органдардын өзгөрүүсүнө ж-а теринин ириңдөөсүнө алып келет. Мындай тери оорулары Германиядагы ж-а Уфа шаарындагы химиялык ишканалардын жумушчуларында, ошондой эле Севезе шаарындагы (Италия) авариядан кийин шаар калкында байкалган. Диоксиндин өтө күчтүү таасири АКШдагы Миссури штатында катталган. Диоксиндер чөйрөгө көбүнчө экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө (мисалы, Канада атмосферага жылына 1,5 т) бөлүнүп чыгарылат. Ошондуктан АКШ, Япония, Швеция, Италия, Германия, Голландия ж. б. мамлекеттерде 1980-жылдардан баштап Диоксин проблемасы мамлекеттик деңгээлде каралууда.
Р. Осмонбекова.