ДИОПСИД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИО́ПСИД (ди... ж-а гр. jpsis – түр) – пироксен­дер тобундагы минерал; кальций м-н магнийдин метасиликаты. Химиялык формуласы CaMg[Si2O6]. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү боз, бозомук жашыл. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5,5-6. С. салмагы 3,2-3,38. Д. ар ка

ндай форма­дагы бүртүкчөлөр түрүндө габбродо, диабазда, диорит­те, сиенитте, кон­такт скарндарын­да ж. б. магмалык ж-а метаморфизмделген тоо тектерде болот. Диопсид – тоотек түзүүчү минерал.