ДИОРАМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИОРА́МА , д и о р а м а (грекче dif – өтмө аркы­луу жана hjrama – көрүнүш, оюн) – живописти башка каражаттар менен толуктаган көркөм сүрөт өнөрүнүн түрү; алдыңкы планга нерселер (ку­рулма, реалдуу жана бутафориялык буюмдар) коюлуп, жарым тегерек түрүндө айланта тар­тылган живопись. Сүрөт жука, арт жагы кө­рүнүп турган материалга тартылат. Багытты өзгөрткөн учурда жана жарыкты күчөткөндө ал өзгөрөт. Биринчи Диораманы 1822-жылы Парижде Л. Ж. Дагер түзгөн. Диорам театр-жасалга өнөрүндө колдонулат (көшөгө, сахнанын төрүндөгү жа­салгалар, сүрөттөр). Панорама сыяктуу эле Диорам кеңири мейкиндик элесин берет жана көп учур­да баталдык көрүнүштөрдү чагылдырат (мисалы, М. Б. Грековдун «Ростовду алуу», 1929; П. И. Жи­гимонттун сүрөттөрү, 1948 жана башкалар). Диорама чеберлери­не Греков атындагы аскер сүрөтчүлөр студиясынын өкүлдөрү (П. Т. Мальцев жана башкалар; «Сапун-тоону алуу», 1959; М. И. Самсонов жана башкалар, «Перекопту алуу», 1961) кирет.

П. Т. Мальцев «Сапун-тоону алуу» диорамасы 1959
М. И. Самсонов «Перекопту алуу» диорамасы, 1961