ДИПЛОМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИПЛО́М (французча diplфme, грекче dнplōma – эки бүктөлгөн документ) – 1) жогорку же атайын орто окуу жайын бүткөндө же илимий даража, оку­муштуулук наам ыйгарууда берилүүчү расмий документ; 2) мекеменин, уюмдун же жеке адам­дын белгилүү бир ишти аткарганга укуктуу экенин күбөлөндүрүүчү документ; 3) ар түрдүү сынактар­да, конкурстарда, мелдештерде, көргөзмөлөрдө жана башка ийгилиги үчүн берилүүчү сыйлык.