ДИПЛОМАТИЯЛЫК АКТ
ДИПЛОМАТИЯЛЫК АКТ – бир мамлекеттин тышкы иштер мекемеси тарабынан экинчи бир мамлекеттин тышкы иштер мекемесине жиберилүүчү же тапшырылуучу кат жүзүндөгү текст. Дипломатиялык актынын бир нече түрү бар. 1. Н о т а – мамлекеттер ортосундагы мамилелердин ар түрдүү маселелерин тастыктоо иретинде - тийиштүү таризде чагылдыруучу расмий кат аркылуу кайрылуу; кандайдыр бир факт жөнүндө кабар берүүчү дипломатиялык документ. Нотада аны жиберген өкмөттүн каралып жаткан маселелер боюнча расмий көз карашы берилет. Нотаны, адатта, бир мамлекеттин өкмөтү башка мамлекеттин өкмөтүнө жиберет. Жеке (коллективдүү) нота: өздүк жана вербалдык деп экиге бөлүнөт. Өздүк нота биринчи жактан жазылып, жиберген кишинин колу коюлат. Вербалдык нота үчүнчү жактан жазылат да, кол коюлбайт (бирок мөөрү басылат, номуру коюлат). 2. М е м о р а н д у м – көбүнчө нотага тиркелип, каралып жаткан маселенин иш жүзүндөгү, документтик же укуктук жагдайлары баяндалуучу документ. 3. Э с к е р т м е к а т – кыскача меморандум иретинде жазылып, оозеки билдирүүлөргө кошумча катары датасы коюлуп, жөнөтүлгөн жери көрсөтүлүп жиберилчү же колмо-кол тапшырылуучу документ. 4. Дипломатиялык иште кээде р а см и й к а т жиберүү да колдонулат, бул да нотанын бир формасы болуп эсептелип, жиберген адамдын тилинде же дипломатиялык тилдердин биринде жазылат.