ДИПЛОМАТИЯЛЫК КЛАССТАР
ДИПЛОМАТИЯЛЫК КЛАССТАР — мамлекеттердин чет өлкөлөрдө иштеп жатышкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларына берилүүчү наамдар. Дипломатиялык мамилелер жөнүндөгү Вена конвенциясында (1961) дипломатиялык өкүлчүлүк башчылары үчүн Дипломатиялык класстарды ыйгаруу белгиленген. 1) Атайын ж-а Толук ыйгарым укуктуу Элчи, Нунций (Ватикан элчиси); 2) Атайын ж-а Толук ыйгарым укуктуу Өкүл-дипломат, Интернунций; 3) Ишке ишенимдүү Өкүл. Дипломатиялык класстардын укуктук абалдары бирдей. Мамлекеттик дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчылыгына элчи дайындалат; өкүл-дипломат ж-а ишке ишенимдүү өкүлдөр айрым гана учурларда дайындалышы мүмкүн. КРде төмөнкүдөй Дипломатиялык класстар белгиленген: КРдин Атайын ж-а Толук ыйгарым укуктуу Элчиси; КРдин Атайын ж-а Толук ыйгарым укуктуу Өкүл-дипломаты; КР-дин ишке ишенимдүү өкүлү.