ДИПЛОМАТИЯЛЫК ПОЧТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИПЛОМАТИЯЛЫК ПО́ЧТА — мамлекеттик тышкы байланыштын дипломатиялык өкүлчүлүк м-н борбордук органдар бири бирине тапшыруучу атайын кабар. Эреже катары мөөр басылган баш­тык же сумка дипломатиялык курьердин кош­тоосунда жөнөтүлөт. Аны ачып көрүүгө, ошондой эле бажыканаларда текшерүүгө болбойт.