ДИПЛОМАТИЯЛЫК УКУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИПЛОМАТИЯЛЫК УКУК – мамлекеттик, эл аралык уюмдардын ортосундагы дипломатиялык алаканы жөнгө салуучу эл аралык укук нормалары. Дипломатиялык укук сис­темасы эл аралык алаканы жөнгө салуунун тө­мөндөгүдөй негизги формаларына ылайык ке­лет: а) бир мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү ар­кылуу башка мамлекет аймагында ишке ашы­рылуучу эки тараптуу дипломатия; б) конкрет­түү маселелерди чечүү максатында башка мам­лекетке же эл аралык жолугушууга (конференцияга) атайын миссия жиберүү; в) эл аралык уюмдар­дын делегациясы ж-а мамлекеттердин эл ара­лык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрү же уюмдар­дын өздөрү аркылуу ишке ашырылуучу көп та­раптуу дипломатия. Дипломатиялык укук дипломатиялык мамилелер ж­өнүндөгү Вена конвенциясына (1961), атайын миссия­лар жөнүндөгү конвенцияга (1969), ошондой эле ар бир өл­көнүн мыйзамдарына таянат. Чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлдөрү, ошондой эле элчиликтин ж-а миссия­нын дипломатиялык кызматкерлери, алардын үй-бүлөлөрү дипломатиялык иммунитеттен пайдаланышат.