ДИРАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИРА́К Поль Адриен Морис (8.8.1902, Брис­толь – 1984) – англиялык физик-теоретик, квант ме­ханикасын негиздөөчүлөрдүн бири, Лондон ко­ролдук коомунун мүчөсү (1930), Нобель сыйлыгынын лауреаты (1933). Дирак СССР ИАнын чет элдик (1931) ж-а бир катар чет мамлекеттик академиялар м-н коомдордун мүчөсү. Бристоль, кийин Кемб­риж университетинде окуган. Кембриж университетинин (өз убагында И. Ньютон жетекчилик кылган ка­федранын) профессору (1932). Дирак квант механикасын­дагы өзгөртүп түзүү теориясын (1926–27), башкача айтканда толкун функциясынын симметриялуулук ка­сиеттери м-н статистикалык бөлүштүрүүнүн ара­сындагы байланышты тактап, квант статисти­касына чоң салым киргизген. Салыштырма­луулук теориясынын маселелерин канааттанды­руучу электрондук квант механикалык теориясын (1928) түзгөн. Дирактын теориясы электрондун спинин, Зее­ман эффектисин ж-а суутек атомунун спектр­дик структурасын түшүндүргөн. Дирак теориясынын өзгөчөлүгү массасы электрондун массасына ба­рабар оң заряддуу бөлүкчөнүн бар экендигин алдын ала айткандыгында. 1932-жылы позитрон­дун (антибөлүкчөлөрдүн) ж-а аннигиляция про­цессинин ачылышы Дирак теориясынын туура­лыгын далилдеди. Дирактын талаанын квант теориясынын түрдүү маселелерине арналган бир нече эмгеги теориялык физи­када кеңири колдонулууда.

Эмг.: Электроны и вакуум / Пер. с англ. М., 1957; Лек­ции по квантовой механике. М., 1968; Лекции по квантовой теории поля. М., 1971.