ДИРИЖЁР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИРИЖЁР (французча diriger – багыттоо, башкаруу) – музыкалык чыгарма аткарып жаткан коллективди (оркестр, хор, ансамбль, опера жана балет труппасы) башкаруучу киши. Дирижёр репетицияларда даярдоо жумуштарын жүргүзүп, спектакль менен концерттерде музыканын нота боюнча аткарылышын камсыз кылат. XVIII кылымда вокалдык же аспаптык капелланын Дирижёру капельмейстер, орустун чиркөө хорунун Дирижёру регент деп аталган. Хорду башкаруучу хор Дирижёру же хормейстер деп аталат, к. Дирижёрлук кылуу.
