ДИРИЖЁРЛУК КЫЛУУ
ДИРИЖЁРЛУК КЫЛУУ – музыкалык чыгарма аткарып жаткан учурда коллективди башкаруунун, музыкалык – аткаруучулук искусствонун бир түрү. Дирижёрлук кылуу колдун атайын иштелип чыккан кыймылы жана жандоосу аркылуу дирижёр (же хормейстер) тарабынан ишке ашат. Азыркы кездеги Дирижёрлук кылуу дирижёрдон музыкалык билимди , чоң даярдыкты, жөндөмдү жана ар кандай партитураны тез өздөштүрүүнү талап кылат. Дирижёрлук кылуу байыркы заманда эле Грекия, Египетте пайда болгон. Оркестрде ойноонун өнүгүшүнөн (XV кылым) жана көп үн менен ырдоонун татаалданышынан улам Дирижёрлук кылуу кичинекей таякча аркылуу жүргүзүлө баштаган. Дирижёрлук кылуу Россияда XVIII кылымга чейин негизинен хор өнөрүндө колдонулган. Октябрь революциясынан кийин консерваторияларда операга, симфонияга жана хорго Дирижёрлук кылуу боюнча атайын класстар уюштурулган. XX кылымдагы көрүнүктүү дирижёрлор: Р. Штраус, Г. Малер, А. Тосканини, Б. Вальтер, В. Фуртвенглер, О. Клемперер, Ш. Мюнш, Н. С. Голованов, С. А. Самосуд, Е. А. Мравинский, А. Ш. Мелик- Пашаев, А. В. Свешников, Е. Светланов жана башкалар болгон. Кыргыз ССР искусствосуна эмгек сиңирген ишмерлер Ш. Орозов, А. Аманбаев кыргыздын туңгуч дирижёрлору болгон. Кыргызстанда дирижёрлук искусствонун өнүгүшүнө А. Жумакматов, К. Молдобасанов, Н.Давлесов, Э. Жумабаев, Ж. Каниметов, Р. Жумакунов, Т. Томотоев жана башка профессионал дирижёрлор салым кошушту.

Ад.: Мусин И. Техника дирижирования. Л., 1967.