ДИРИЖАБЛЬ
ДИРИЖА́БЛЬ (фр. dirigeable – башкарылуучу) – абадан жеңил газ (суутек, гелий) толтурулган, винттүү кыймылдаткычы бар, башкарылып учуучу учак (аэростат). Дирижабль жүк көтөрүмдүү ж-а алыска бара алат, бирок жай учат ж-а аба ырайына көз каранды. 1852-жылы франциялык инженер А. Жиффар учууга жөндөмдүү алгачкы

Дирижаблди жасаган. Улам барган сайын Дирижабль жакшыртылып, көлөмү чоңойтулган. Дирижабль газ толтурулган корпустан, каршы-терши орнотулган канаттардан, горизонталь ж-а тик жайгашкан кыймылдуу башкаруу рулдардан, экипаж, жүргүнчү, кыймылдаткыч, жабдуу ж-а буюмдар жайгашуучу гондоладан турат (к. сүрөт). Дирижабль жумшак, чала катуу ж-а катуу түзүлүштүү болуп айырмаланат. Жумшак ж-а чала катуу түзүлүштүү Дирижаблде кездемеден жасалган корпуска газ толтурулат. Чала катуу түзүлүштүү Дирижаблдин корпусунун төмөнкү бөлүгүнө металл каркас орнотулат. Катуу түзүлүштүү Дирижаблдин металл каркасы сырткы түрүн өзгөртпөй (кабырылтпай) кармап, анын ичиндеги газ өткөрбөөчү кездемеден жасалган мүшөктөргө газ толтурулат. Дирижаблдин ылдамдыгы саатына 100–135 кмден ашпайт. Дирижабль жетүү кыйын алыскы райондорго кабар жеткирүү, деңизде кемелерди чалгындоо ж-а узатып баруу, суу астындагы кемелерди изилдөө, аскердик ж. б. максаттарда колдонулат.