ДИРИЛДӨӨ
ДИРИЛДӨӨ , т и т и р ө ө, в и б р а ц и я (латынча vibratio – термелүү, титирөө) – механикалык термелүү. Дирилдөөнүн техникада (машина, механизм, курулуш жана башкаларда) пайдалуу жана зыяндуу жактары бар. П а й д а л у у Дирилдөө атайын дирилдеткичтин жардамы менен аракетке келет жана курулуш тармагында (дирилдеткич машинада), ошондой эле ар кандай технологиялык операцияларды аткарууда колдонулат. Дирилдөөнүн төмөнкүдөй түрлөрү бар: д и н а м и к а л ы к ж е к ү ч т ү к, эгер сырткы термелүүчү күчтөр же күчтүн моменти дирилдеп жаткан системага көз карандысыз болсо; к и н е м а т и к а л ы к, системанын бир же бир нече жерин дирилдетүү үчүн термелүүнүн сырттан берилиши; п а р а м е т р д и к, системанын Дирилдөөсү бир же бир нече параметрлердин (мисалы, катуулук коэффициенти, инерция моменти, каршылык коэффициенти) маанисинин өзгөрүшүнө байланыштуу; өздүк же автотермелүү, туруктуу булактан энергия алуу менен аракетке келет. Дирилдөөчү курулмаларда көбүнчө биринчи эки принцип колдонулат. Дирилдөө жыштыгына жараша анын организмге тийгизген таасири пайдалуу да, зыяндуу да болушу мүмкүн. З ы я н д у у Дирилдөө транспорт каражаттарынын кыймылдаткычынын, турбинанын иштешинин негизинде пайда болуп, алардын иштөө режимин бузат, иштен чыгарат. Аны болтурбоо үчүн ар кандай чаралар колдонулат.