ДИРХЕМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИРХЕ́М , д и р х а м – 1) арабдардын байыркы күмүш тыйыны, 2,97 г таза күмүшкө барабар. 695-жылы Араб халифатында чегилген. Алгач тыйын бетине сүрөт түшүрүлбөстөн, жазуулар гана болгон. Соода-сатыкта колдонулган. 697-жылы Абдал-Маликтин

Араб халифатында жүргүзүлгөн реформасынын натыйжасында Орто Азияга тараган. Орто кылымда чебер кол өнөрчү айына 30, жардамчысы 15 Дирхем алган. Кебез кездемеден тигилген көйнөк 10 Дирхем турган. Бир тоок бир Дирхемге сатылган. IX–XII кылымдарда Дирхем Байыркы Руска да жеткен. 2) Ирак, Иордания, Кувейт, Ливия, Марокко, Бириккен Араб Эмираттарынын акча бирдиги; 3) Египет менен Суданда асыл металлдардын салмак өлчөмү (3,12 г).