ДИСАХАРИДДЕР
ДИСАХАРИДДЕР , б и о з а л а р – молекуласында гликозиддик байланыштар м-н бириккен, 2 моносахариддин калдыгынан турган углеводдор. Дисахариддер кислоталардын ж-а ферменттердин таасири астында моносахариддерге чейин гидролизденет. Көпчүлүк Дисахариддердин курамына гексоза ж-а пентоза кирет. Дисахариддерди пайда кылууда моносахариддеги жарым ацеталдык гидрокис тобу гликозиддик байланышты пайда кылууга катышат. Калыбына келүүчү (мальтоза, лактоза, целлобиоза) ж-а калыбына келбөөчү болуп 2 топко бөлүнөт. Булардын касиети моносахариддерге окшош таутомердик форманы пайда кылат. Окистенүү калыбына келүү реакцияларына кирет. Калыбына келбөөчү Дисахариддер (трегалоза, сахароза) эки моносахариддин тең жарым ацеталдык топтору гликозиддик байланышты пайда кылууга катышат. Окистенүү-калыбына келүү реакцияларына кирбейт. Дисахариддер жаратылыш продуктуларынан, мисалы, сахароза – кызылчадан, лактоза – сүттөн ж. б. алынат. Көпчүлүк Дисахариддер полисахариддерди, олигосахариддерди толук эмес гидролиздөөдө пайда болот, мисалы, крахмалды ж-а гликогенди ферменттик жол м-н гидролиздөөдөн мальтоза, целлюлозадан целлобиоза ж. б. алынат. Сахароза, лактоза, мальтоза тамак-аш өнөр жайында ж-а медицинада колдонулат.
Ад.: Химия углеводов. М., 1967; Адылов С. А., Асанов Ү. А. Органикалык химия курсу. Б., 2003.