ДИСКРИМИНАЦИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИСКРИМИНА́ЦИЯ (лат. discriminatio – ажыратуу, бөлүү) – 1) айрым адамдарды же улуттарды, элди расалык, улуттук, жыныстык ж. б. белгилерине карата укуктан ажыратуу ж-а укуктарына чек коюу. 2) Эл аралык мамиледе бир мамлекеттик өкүлдөрүнө, мекемелерине же жарандарына башка мамлекеттик өкүлдөрүнө, мекемелерине же жарандарына караганда кем укук берүү. Эл аралык мамиледе демократиялык мамлекеттердин укуктук мыйзамдарында Дискриминациянын бардык түрүнө тыюу салынган ж-а тиешелүү жоопкерчиликтер каралган.