ДИСЛОКАЦИЯ (физикада)
ДИСЛОКА́ЦИЯ (фр. dislocatio – жылышуу, оошуу) – 1) ф и з и к а д а – кристалл торчодогу атомдук тегиздиктердин ирети м-н туура жайгашуусу бузулган сызыктуу кемтик (дефект). Дислокация кристаллдын өсүү процессинде, өскөн кристаллды механикалык деформациялоодо жаралат. Ал кристаллдын механикалык касиеттерине (бышыктыгы ж-а пластикалуулугу) ж. б. физикалык касиетине таасирин тийгизет. Дислокациянын эки түрү болот: сызыктуу же чектик ж-а буралма. Чектик Дислокация – атомдук тегиздиктин кристаллдын ичиндеги үзүлгөн четин бойлогон сызык. Атомдук тегиздиктер узатасынан тегерете буралып жылышкан сызыкты буралма Дислокация дейт. Буралма Дислокацияда атомдук тегиздиктин үзүлүшү болбойт. Мында бир атомдук тегиздик экинчисине буралма сызык б-ча өтөт. Атомдун атомго өтүшү буралма сызык боюнча жүрөт. Анда Дислокация сызыгы эч убакта кристаллдын ичинде үзгүлтүккө учурабайт, ал же кристаллдын бетине чыгат, же илмек түрүндө туюкталат, же болбосо бир нече Дислокацияга тармактанып кетет. Кристаллдын Дислокацияланган жери серпилгичтүү чыңалышкан абалда болот. Чыңалыш аралыкка тескери пропорциялаш өзгөрөт. Кристаллдын Дислокацияланган жерлеринин химиялык туруктуулугу начар болот. Тунук кристаллдагы Дислокация полярлашуу микроскобу м-н, тунук эмес кристаллдын Дислокациясы суюк ойдургуч заттын аракети боюнча оптикалык микроскоп аркылуу байкалат. Ойдургуч заттар заттын Дислокация болгон жерлерин эритип, оюп түшкөндүктөн, чуңкурчаны пайда кылат. Мындан тышкары, Дислокация байкоо үчүн декордоштуруу ыкмасы колдонулат. 2) Т е к т о н и к а д а тоотек катмарларынын алгачкы жаткан абалынан козголуп өзгөрүшү. Ал жер кыртышындагы тектоникалык кыймылдардан, магманын аракетинен, метаморфизм ж-а экзогендик процесстердин (мөңгүлөрдүн жылышы, жер көчкү, карст, агын суу эрозиясы ж. б.) таасиринен жүрөт. Дислокация жалпысынан бүктөлүү (пликативдүү) Дислокация ж-а сынып ажыраган Дислокация деп бөлүнөт. Бүктөлүү Дислокация эки капталдан кысылган тоо тек катмарларынын ар кандай түрдө ж-а көлөмдө ийилип бүктөлүшүнөн, сынып ажыраган Дислокация тик ылдый же өйдө багыттагы күчтүн натыйжасында тоо тек катмарларынын сынып ажырашынан пайда болот. Багыты боюнча радиустук (Жердин радиусуна жарыш тик багытталган күчтөн ылдый жылышуу) ж-а горизонттук же тангенстик (горизонт багыты боюнча болгон күчтөн туура же өйдө жылышуу) Дислокация деп ажыратылат, ошондой эле к. Тектоникалык жылышуулар.