ДИСМЕНОРЕЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИСМЕНОРЕ́Я (дис... ж-а гр. men – ай ж-а rhtō – агам) – этек кир циклинин бузулушу. Анда ичтин ылдый жагы, бел ооруйт, шакый кармап, жүрөк тез-тез кагат, кустурат, ич өтүп, уйку бузулат. Биринчилик Дисменорея м-н төрөбөгөн аялдар, кыздар ооруйт. Бул көбүнчө жыныстык жашоо калыбына келгенде же төрөттөн кийин жоголот. Экинчилик Дисменорея аялдын жыныс органдарында сезгенүү ооруларынын, шишиктердин пайда болушунан, ошондой эле биринчи этек кир келгенде коркуп кеткендиктен, көп убакыт боюна болбогондон ж. б. келип чыгат. Дарылоо себебине жараша жүргүзүлөт. Алдын алууда организмди чыңдоо, туура тамактануу, эмгек м-н эс алууну айкалыштыруу, жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо чоң мааниге ээ.