ДИСПАНСЕР
ДИСПАНСЕ́Р (лат. dispensāre – бөлүштүрөм) – оорулуулардын белгилүү тобун дарылоо ж-а алдын алуу боюнча жардам көрсөтүүчү, алардын саламаттыгына ырааттуу байкоо жүргүзүүчү адистештирилген медициналык мекеме. Туберкулёзго каршы, тери-венерологиялык, онкологиялык, психологиялык-неврологиялык, кардиоревмотологиялык ж. б. Диспансерлер бар. Алардын максаты – өзүнө тийиштүү ооруларды табуу, каттоого алуу, дарылоо ж-а байкоо, алардын эмгек, турмуш-тиричилик шарттарын дайыма үйрөнүү ж-а жакшыртуу, ошондой эле ооруга каршы чараларды иштеп чыгуу. Диспансердин адистелишине жараша өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот. Туберкулёзго каршы диспансер калкты дайыма массалык флюрографиялык текшерүүлөрдөн өткөрүп, оорулуу адамдарды каттоого алат. Диспансерлөө ооруну жаңы башталган кезинде таап, врачтык көзөмөл жүргүзүү; калктын ж-а оорулуулардын айрым тобуна ырааттуу байкоо жүргүзүү; атайын каттоо, дарттын кабылдашынын алдын алуу, өз убагында дарылоо; адамдын ден соолугун, эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүү; Диспансердик каттоодо тургандардын өндүрүш ж-а турмуш-тиричилик шартын текшерүү; дарттын көбөйүшүнө шарт түзгөн факторлорду жоюу иштерин камтыйт. Диспансердин амбулаториялык адистештирилген кабинеттери, диагноздук лабораториялары ж-а уюштуруу-методикалык атайын кабинеттери, көпчүлүк Диспансердин стационары болот.