ДИСПЕРСИЯ ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСПЕ́РСИЯ ЗАКОНУ квази бөлүкчөлөрдүн ди­намикасы, квази бөлүкчөнүн энергиясынын (ε) → квази импульска ( р ) көз карандылыгын туюнтат. Жалпы учурда ε( р ) көп маанилүү комп­лекстүү функция. Көп маанилүүлүк энергия спектринин зоналык мүнөзү м-н байланышкан. Функциянын анык бөлүгү квази бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгын v=∂Reε/dp ж-а терс натыйжалуу масса тензорун m =∂2Reε/dp dP , жалган (мнимый) бөлүгү квази бөлүкчөлөрдүн жутулуусун аныктайт. Дисперсия закону квази бөлүкчөнүн энергиясы­нын анык бөлүгүнүн белгилүү багыттагы квази импульска көз карандылыгын сүрөттөйт. Тол­кун процесстери теориясында Дисперсия закону жыштык (ω) ж-а толкун векторунун (k) ортосундагы катыш­ты көрсөтөт.