ДИСПЛЕЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСПЛЕ́Й (англисче display – чагылдыруу түзүлүшү, көрсөтүү), м о н и т о р – жеке компьютердин текст жана чийме маалыматты экранда көрсөтүүчү негизги түзүлүшү. Дисплей үчүн электрондук нур түтүкчөсү, плазмалык матрицалар, суюк крис­таллдык көрсөткүчтөр жана башка приборлор колдо­нулат. Экрандын д и а г о н а л ы н ы н өлчөмү жана экран­дын маска када­мы, чагылды­руунун эң чоң ре­генерация жыш­тыгы, коргонуу классы Дисплейдин не­гизги керектүү па­раметрлери болуп эсептелет.

Дисплей монохромдуу (бир түстүү) жана түстүү болуп, кинескопторунун демейдеги диагоналы 14төн 21 дюймга чейин жетет. Дисплейде бир учурда көрсөтүлө турган түстөрдүн саны тактада орно­тулган видео адаптердин эсинин көлөмүнө жа­раша болот. Түстүү монитордун 16 млндон ашык түстү көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар.