ДИСПУТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИ́СПУТ (латынча disputāre – ой жүгүртүү, тала­шуу) – 1) oкуучулардын логикалык ой жүгүр­түүсүн өстүрүүчү жана адептик тарбия берүү иш­теринин (класстан тышкаркы) өзүнчө түрү. Окуучулар абдан кызыккан жана аларды толкун­датуучу орчундуу маселелер Диспут темасы катары тандалып алынат. Диспут окуучулардын дүйнөнү та­анып-билүүдөгү жеке түшүнүгүн кеңейтип, тал­куулаган илим тармагын туура түшүнүүгө мүм­күнчүлүк түзөт; 2) түрдүү көз караштагы оку­муштуулар, жазуучулар жана башка адамдардын ор­тосундагы талаштар; 3) илимий даража алуу үчүн диссертация коргоодогу талаш-тартыштар.