ДИССЕРТАЦИЯ
ДИССЕРТА́ЦИЯ (латынча dissertātio – ойлоп табуу, изилдөө, талдоо) – окумуштуулук даража алуу үчүн даярдалган жана ачык корголуучу илимий эмгек. Аспирантураны бүтүргөн же кандидаттык экзаменди тапшырган жогорку билимдүү адамдардын Диссертациясы жарактуу деп табылганда гана Диссертацияны коргоого уруксат берилет. Кыргыз Республикасында Диссертациянын үч түрү бар: а) магистрдик Диссертация; б) кандидаттык Диссертация; в) докторлук Диссертация. Магистрдик Диссертациялар университеттерде мамлекеттик аттестациялык комиссиялардын жыйынында корголот. Диссертациялардын темасы, эреже катары, илимий мекемелердин, Жогорку окуу жайлардын негизги илимий-изилдөө иш багыттары менен байланыштырылышы керек, алардын окумуштуу (илимий-техникалык) кеңештери тарабынан ар бир изденүүчү үчүн жана бир эле убакта илимий консультантын (докторлук Диссертация) же илимий жетекчисин (кандидаттык Диссертация) дайындоо менен бекитилет. Илимдин докторунун окумуштуулук даражасын алууга жазылган диссертация илимий квалификациялуу, илимдин тийиштүү тармагынын адистиги боюнча изденүүчү тарабынан өз алдынча даярдалган, илимий изилдөөнүн негизинде аткарылган эмгек болуп эсептелет жана төмөнкү талаптардын бирине жооп бериши керек: а) илимий жактан негизделген багыттардын өнүгүшүндө маанилүү социалдык-экономикалык, маданий, саясий жана чарбалык мааниси бар илимий маселелерди чечүүнү камтыган жаңы натыйжаларга ээ болуу; б) теориялык жоболорду, эксперименттик натыйжаларды, алардын жыйындысын, ачык-айкын илимий багытты өнүктүрүүдө ири натыйжаларды алуу; в) ИТПге ири салым киргизе турган иштеп чыгууларды жүзөгө ашыруу. Докторлук Диссертацияны коргоого бир же эки адистик боюнча коюлушу мүмкүн. Илимдин кандидатынын илимий даражасын изденүүгө даярдалган Диссертация изденүүчү тарабынан өз алдынча даярдалган илимдин тийиштүү тармагынын адистиги боюнча же, эреже катары, илимдин докторунун жетекчилиги астында аткарылган квалификациялуу илимий эмгек болуп эсептелет жана төмөнкү талаптардын бирине жооп бериши керек: конкреттүү билимдин тармагы үчүн олуттуу мааниси бар белгилүү бир илимий маселени чечкен натыйжаларды алуу; маанилүү колдонмо милдетти чечүүнү камсыз кылуучу техникалык, экономикалык же технологиялык иштеп чыгууларды камтыган натыйжаларды алуу. Кандидаттык Диссертация, эреже катары, бир адистик боюнча коргоого коюлат.
Ад.: Асанов У. А., Джуманазарова А. З., Чоротегин Т. К. Наука Кыргызстана в лицах. Б. 2002; Асанов У. А., Джуманазарова А. З. Кыргызская наука в зеркале диссертационных исследований. Б., 2003. Э. Мамбетакунов.