ДИТРИХ
ДИ́ТРИХ Марлен (чыныгы аты-жөнү Мария Магдалена фон Лош) 27.12. 1901, Берлин – 6.5. 1992, Париж – немис жана америкалык актриса. Берлиндеги музыкалык академияны жана М. Рейнхардттын драмa искусство мектебин бүтүргөн. 1922-жылдан театрда. Алгач киного 1923-жылы тартылган («Жолдогу эркек»). Режиссёру Ж. Штернбергдин «Көгүлтүр периште» фильминде ырчы Лола-Лоланын ролун аткарып, ийгиликке жетишкен.

1930-жылы режиссёру менен бирге Голливудга чакырылып, «Марокко», «Шанхай экспресси», «Аксаргыл Венера», «Кызыл императрица», «Шайтан – ал аял» фильмдерине тартылган. Актриса ар кыл мүнөздөгү каарман тандаганга аракеттенген, күлкүлүү да, кайгылуу да ролдорду мыкты аткарган («Каалоо», «Периште», «Дестри кайрадан ээрде» жана башкалар). Эстрада ырчысы катары да көп өлкөлөргө таанылган. «Нюрнберг процессиндеги» (1961) жесир аялдын образы жана «Кара түлкү» даректүү фильминде аткарган ролу аркылуу фашизмге каршы пикирин бекемдеген. 1978-жылы «Эң сонун күспуруш – бактысыз күспуруш» аттуу Батыш Германия фильмине тартылган. А. Пазылов.