ДИФЕНИЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИФЕНИ́Л , С6Н5–С6Н5 – органикалык эриткичтерде жак­шы эрүүчү түссүз кристалл. Эрүү t – 71°С, кай­ноо t – 254–255°С. Өнөр жайда бензолду 750–800°Сде дегидрлөөдө алынат. Дифенил – боёкторду алууда ал­гачкы сырьё, ал эми оксидифенилдер синтездик чайырларды алууда колдонулат.