ДИФОСГЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИФОСГЕ́Н , CCl3OCOCl – хлордуу көмүр кислота­сынын трихлорметил эфири; чириген чөп жыт­танган, абада бир аз түтөөчү, кыймылдуу, түссүз оор суюктук. Эрүү t 57°С, кайноо t 128°С. Сууда начар, органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Сууда гидролизденет, аммиак ж-а амин м-н активдүү аракеттенип, мочевина же анын бирикмелерин пайда кылат. Дифосген метилхлорформиатты хлорлоо­дон алынат. Дифосген өтө уу, тумчуктургуч касиетке ээ. Биринчи дүйнөлүк согушта ууландыргыч зат катары колдонулган.