ДИХРОИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИХРОИ́ЗМ (гр. dichroos – эки түстүү) – поляр­ланууга жараша жарыктын заттарда ар түрдүү жутулуу процесси. Жарыктын жутулушу тол­кун узундугуна да көз каранды болгондуктан, Д-дүү заттар байкоо багытына жараша түрдүү түстө болушат. Бул кубулушка «плеохроизм» тер­мини туура келет (гр. pltōn – көп ж-а chrja – түс), бирок бул термин аз колдонулат. Д. 1809-ж. П. Кордье тарабынан кордиерит деп аталган минералда ачылган. Д-дин төмөнкүдөй түрлөрү бар: с ы з ы к т у у Д: – эки өз ара перпендикуляр сызыктуу полярланган жарык­тын затта ар башкача жутулушу; т е г е р е к Д. – затта оң ж-а сол тегерек полярланган жарыктын бирдей эмес жутулушу; э л л и п с­т и к Д. – затта оң ж-а сол эллипс б-ча поляр­ланган жарыктын бирдей эмес жутулушу. Д. колдонмо (прикладдык) кристалл-оптика м-н минералогияда минералды ж-а тоотекти, химия м-н биохимияда молекуланын түзүлүшүн анык­тоо үчүн колдонулат.