ДМИТРИЕВ Николай Михайлович
ДМИ́ТРИЕВ Николай Михайлович (19.12. 1917, Оренбург облусу, Новоорск району, Кумак кыштагы –

19.12.1981, Саранск) – Советтер Союзунун Баатыры (1941), запастагы майор (1959). Оренбург финансы техникумун (1933), Ленинград артиллериялык окуу жайын (1945) бүтүргөн. 1939-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылганга чейин, Фрунзе шаарындагы «Эт даярдоо» ишканасында башкы бухгалтер болуп иштеген. 1941-жылы 10-июлда Белоруссиядагы Борисов шаарынын жанындагы урушта душмандардын 2 танкасын талкалап, өзү оор жарадар болсо да, үчүнчү танканы кыйраткан. Бул эрдиги үчүн кыргызстандык жоокерлердин ичинен Советтер Союзунун Баатыры наамы биринчи ыйгарылган. Согуштан кийин Саранск шаарында жашап, «Электр түзөткүч» заводунда иштеген. Саранскидеги бир көчөгө анын мемориалдык тактасы орнотулган. Ленин, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.