ДОБУЛБАС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОБУЛБАС – кыргыздын барабан сымал ба­йыркы урма аспабы. Тулкусу жезден, мистен, темирден жасалып, тулга сымал түспөлдө ке­лет. Жыгач алкактын бетине төөнүн чылгый териси капталып жасалган. Илгери согушта бел­ги берүү, душмандын үрөйүн учуруу максатын­да пайдаланылган. Добулбасты мүнүшкөрлүккө чык­канда кайберенди жана илбээсинди үркүтүү үчүн да колдонушкан. Добулбасты колго же ээрдин кашы­на илип

коюп, тоголок баш таякча менен ургулап ойношкон. Казактын даулпазы Добулбаска окшош. Добулбастын жакшыртылган түрү азыр эл аспаптар оркестрлеринде, ансамблдерде пайдаланылууда. Добулбастын добул, доол, доолборс деген түрлөрү да учурайт. Бирок алардын эң кеңири тараган тү­рү – доол.

Ад.: Алагушов Б. Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары. Ф., 1974.