ДОВЖЕНКО
ДОВЖЕ́НКО Александр Петрович [30. 8(11. 9). 1894, азыркы Чернигов облусу, Сосницы кыштагы – 25. 11. 1956, Москва] – украин кинорежиссёру, жазуучу, кинодраматург, РСФСРдин эл артисти (1950). 1914-жылы мугалимдер институтун бүтүргөн. Октябрь революциясынан кийин Украина эл агартуу комиссариатында иштеп, сүрөтчү катары гезит-журнал ишине катышкан. «Реформатор Вася» фильмине (1926) сценарий жазып, ага режиссёр болгон. Довженконун таланты өзгөчө «Звенигора» фильминен (1928) айкын көрүнгөн. Анын тарыхый-революциялык «Арсенал» (1929), Украинадагы коллективдештирүүнү көрсөткөн «Жер» (1930), алгачкы үндүү «Иван» (1932) жана граждандык согуш темасындагы «Щорс» (1939; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1941) фильмдери көрүүчүлөргө кеңири белгилүү. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында аскер кабарчысы болуп жүрүп, публицистика макала, очерк, аңгемелер жазган. «Боштондукка чыгаруу» (1940), «Биздин советтик Украина үчүн салгылаш» (1943) жана башка даректүү фильмдери – публицистикалык кинонун мыкты үлгүлөрүнөн. Согуштан кийин Довженко «Гүлдөгөн өмүр» аттуу пьеса жана сценарий жазып, ал боюнча «Мичурин» (1949; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1949) фильмин тарткан. Довженкого «Деңиз жөнүндө поэма» (1959) фильминин сценарийи үчүн Лениндик сыйлык ыйгарылган (1959; өлгөндөн кийин). ВГИКте сабак берген. Довженко кино өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Киевдеги көркөм фильмдер студиясы Довженконун ысмында. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Чыг.: Собр. соч., т. 1–4. М., 1966–1969. тик музыканын бир багыты катары кеңири тараган.
Ад.: Эстетические уроки Довженко // Не иллюстрация – открытие. М., 1969; Барабаш Ю. Довженко. М., 1968.