ДОДЕКАЭДР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОДЕКА́ЭДР (гр. dodeka – он эки, htdra – грань) – туура көп грандыктардын беш түрүнүн бири. Додекаэдрдин 12 граны, 30 кыры ж-а 20 чокусу бар. Грандары туура беш бурчтук түрүндө болот

ж-а ар бир чокудан 3 кыр чы­гат. Туура Додекаэдрдин бетинин аянты S=3a2 ≈20,6457a2 (же S=15a2tg54°), ал эми кө­лөмү: V=1/4 a3(15+7 ), мында a – додекаэдрдин кырынын узундугу. Додекаэдрди биринчи жолу байыркы грек математиги Теэтет (б. з. ч. 4-кылым) түзгөн.