ДОЙРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЙРА – өзбек, тажик жана уйгур элдеринин урма музыкалык аспабы. Өзбекстан, Тажикстанга жана За­кавказье республикаларына кеңири тараган. Алкагы жыгачтан жасалып (диаметри 400 мм), анын ички бетине металл шакекчелер тагы­лат.

Алкактын бир жагы жаргак менен капталат. Дойраны ман­жа менен уруп ойно­гондо алкак ичинде кадалган металл шакекче­лерден ар кыл тембрдеги үн чыгат. Дойра эл аспаптар оркестринде жана ансамблдерде колдонулат. Эл бийлери да көбүнчө Дойра менен коштолот.