ДОКУМЕНТ КИНО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОКУМЕ́НТ КИ́НО – кино өнөрүнүн бир түрү; турмуштук чыныгы фактылар менен окуяларды камтыган кыска, толук метраждуу фильмдер­ден жана киножурналдардан турат. Документ кинону түзүүдө актёрлор катышпайт, жасалга колдонул­байт. Жалпы эле кинематография Документ кинодон баш­талган. Эң алгачкы Документ кинону 1895-жылы Францияда ага-ини Люмьерлер тартышкан. 1917-жылы март­та Москва, Петроградда Жумушчу жана солдат депутаттарынын советинде түзүлгөн кинемато­графия бөлүмү революциянын жүрүшүнөн көрүнүш­төрдү тарткан. Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин кинохрониканы Москвадагы жана Петро­граддагы кинокомитеттер (1918-жылы түзүлгөн) чыгарган. Режиссёрлор Г. М. Болтянский, Д. Вертов, В. Р. Гардин, Л. В. Кулешовдун жетекчилиги менен операторлор Г. В. Гибер, С. П. Забозлаев, П. В. Ермолов, А. Г. Лемберг Коминтерндин 3– 4-конгресстериндеги Лениндин сөзүн, Советтер­дин съезддерин, Граждандык согуштагы Кызыл Ар­миянын операцияларын, биринчи электр стан­циясынын иштешин тартышкан. 1920-жылдар­да Документ кинонун өнүгүшү Д. Вертовдун чыгармачылык из­денүүсүнө байланыштуу. «Лениндик кино чын­дык» (1925), «Алгала, Совет!» (1926), «Он би­ринчи» (1928) фильмдеринде революциядан кийинки өзгөрүштөр баяндалган. 1920–1930-жылдары до­кументалисттер беш жылдыктар жөнүндөгү «Моск­ва» (режиссёру М. А. Кауфман, И. П. Копалин), «Түрксиб» (В. А. Турин), «Ленин жөнүндө үч ыр» (режиссёру Д. Вертов), «Испания» (режиссёру Э. И. Шуб) жана башка фильмдерди тартышкан. Улуу Ата Мекен­дик согуш мезгилинде «Москва алдында немис аскерлеринин кыйрашы» (режиссёру Л. В. Варламов, И. П. Копалин), «Сталинград» (режиссёру Л. В. Вар­ламов) жана башкалар тартылган. Эл чарбасын калыбына келтирүү жылдарында «Донбасс» (режиссёру М. Л. Би­линский), «Жеңген өлкөнүн күнү» (режиссёру И. П. Ко­палин, И. Ф. Сеткина) сыяктуу эң сонун кино­санжыра түзүлдү. Жылына 300дөн ашуун фильм жана 1300 киножурнал чыгаруу менен, советтик Документ кино дүйнөгө таанылган, көп документ фильмдер эл аралык кинофестивалдарда чоң байгелерге ээ болгон. Кыргызстан жөнүндө алгачкы Документ кинону кино сая­катчы В. А. Шнейдеров тарткан (1928; «Туңгуюк алдында», 1928; «4500 метр бийиктикте», 1931). 1942-жылы Фрунзе кино хроника студиясы түзүл­гөндөн кийин «Советтик Кыргызстан» деген туң­гуч кино журнал тартылып (1943), Улуу Ата Ме­кендик согуштун акырына чейин анын 100дөн ашуун саны чыгарылган («Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында», 1944; «Жогор­ку сыйлык», 1944; «Жеңиш күнү», 1946 жана башкалар). 1950-жылдары, кыргыз Документ киносунун калыптануу кезинде, «Ырдын жаралышы» (И. Көкеев), «Алар Тянь-Шанда төрөлгөн», «Мен жана менин курдаштарым» (Л. Турусбекова) сыяктуу кино­тасмалар жаралган.

«Зууракан» фильминен көрүнүш. Режиссёру Б.Абдылдаев, 1984.

1960-жылдары Москва, Ле­нинграддан бүтүп келишкен улуттук кадрлар Кыргызстанда Документ кино тартууну жандандырган. «Завод­догу жолугушуулар» (1963), «Күнгө баккандар» (1963), «Тоолорго үч жооп» (1963, режиссёру Ю. Герш­тейн, А. Видугирис, И. Моргачёв), «Алай кар­ларында» (1964), «Михаил Фрунзе жөнүндө аң­гемелер» (1963, режиссёру И. Көкеев), «Манасчы» (1965, режиссёру Б. Шамшиев; Оберхаузендеги эл ара­лык кинофестивалда Алтын медалга арзыган),

«Жылкылар» (1965, режиссёру Т. Океев), «Чабан» (1966, режиссёру Б. Шамшиев, Бүткүл союздук 3-ки­нофестивалда биринчи сыйлык, 1968), «Кумдагы сепилдер» (1967, режиссёру А. Видугирис, Я. Бронш­тейн; Краковдо «Алтын ажыдаар» жана эл ара­лык 4-сыйлык), «Кыял» (1967, режиссёру Ш. Апылов, Эл аралык жана Бүткүл союздук 4-сыйлыкты алган), «Дүйшөндүн көпүрөсү» (1971, режиссёру Г. Дегальцев; Краковдо «Алтын ажыдаар» сыйлыгы, 1973), «На­рын күндөлүгү» (1971, режиссёру А. Видугирис; Гре­ноблде Гран при, Бүткүл союздук 5-кинофести­валда 1-сыйлык), «Почта» (1972, режиссёру Б. Абдыл­даев; Лейпцигде «Күмүш көгүчкөн» сыйлыгы, 1972; Бүткүл союздук кинофестивалда 1-сыйлык, 1973) жана башка көп документ фильмдер тартылган. 1980– 1990-жылдарда кыргыз документалистикасында бир аз басаңдоо байкалат. Ошентсе да, режис­сёрлор мурдатан келе жаткан салтты улантуу­га аракеттеништи. Бул мезгилде «Кошой таш» (режиссёру Л. Турусбекова, 1981), Кыргыз Совет Эн­циклопедиясы тууралуу «Накыл китеп» (режиссёру К. Акматалиев, 1984), «Зууракан» (режиссёру Б. Аб­дылдаев, 1984). «Айлампа» (режиссёру В. Виленский, К. Орозалиев, 1988), «Ошондо «Манас, Манас» деп ураан чакырып» (режиссёру Н. Борбиев, 1994), «Жүрөктөгү сулуулук» (режиссёру Р. Шершенова, 1996), окумуштуу, физик Самат Кадыров туура­луу «Космостогу орундук» (Э. Абдыжапаров, 1998), «Жараткан менен атаандаш» (М. Жыр­галбаев, 2006), «Салбуурун – ата-бабанын аңчы­лыгы» (С. Койчуманов, Н. Болотов, 2007) жана башка документ фильмдер жаралды.

Ад.: Современный документальный фильм. М., 1970; Ашимов К. Рождение киргизского кино. Ф., 1969; его же. Экран Киргизии рассказывает. М., 1970.