ДОЛБООРЛОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЛБООРЛОО – курууга болжолдонгон объек­тинин долбоорун алдын ала жасоо процесси. Курулушта жана техникада Долбоорлоо – капиталдык ку­рулуштарды (кандайдыр бир объектини) куруу­да, өнөр жай жана айыл чарба. продукцияларынын жаңы түрүн же үлгүсүн жасоодо долбоордук, конструкция жана башка техникалык документтерди иштеп чыгуу. Долбоорлоо про­цессинде техникалык жана экономикалык эсептөөлөр, схемалар, графиктер, түшүнүк каттар, макеттер жасалат жана спецификация, смета, калькуляция түзүлөт. Машинанын, прибордун, жабдуунун жана башка өнөр жай продуктуларынын үлгүсүн, жаңы түрүн же конструкциясын Долбоорлоодо баштапкы белгилерин (сызык­тар, өзгөчөлүгү, орнотуу, оңдоо, кароо жана башка кон­структордук документтер), техникалык шартын иштеп чыгат. Долбоорлоо. атайын уюмдар тарабынан жүргүзүлүп, тармактык жана атайын Долбоорлоо болуп бөлүнөт. Долбоорлоо техникалык прогресстин илимди өндүрүш менен байланыш­тырган маанилүү бөлүгү. Долбоорлоонун мындан аркы техникалык деңгээлин көтөрүү жана аларды иштеп чыгуунун мөөнөтүн кыскартуу – жаңы кубаттуу өндүрүштөрдү тезинен киргизүүгө, сапаттуу жа­ңы эмгек куралдарын жасоого, эмгек өндүрүм­дүүлүгүн жана өндүрүштүн жалпы натыйжалуу­лугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Кийинки учурда Долбоорлоонун салттуу түрлөрү (архитектуралык куру­луш, машина жасоо, технология жана башкалар) менен катар адам-машина системалары, эмгек процесстери, уюмдар, экологиялык, социалдык, инженердик-психологиялык, генетика жана башка өз алдынча багыттары калыптанууда.