ДОМИНИКА РЕСПУБЛИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОМИНИ́КА РЕСПУБЛИКАСЫ – Вест-Индия­дагы мамлекет, Гаити аралынын чыгыш бөлүгүндө. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Ка­риб деңизи чулгап жатат. Чыгышынан Пуэрто-

Рикодон Мона кысыгы бөлүп, батышынан Гаи­ти Республикасы м-н чектешет. Аянты 48,4 миң км2. Калкы 8,6 млн (2005). Борбору – Санто- Доминго шаары (калкы 2,6 млн. Доминика Республикасы 26 провинци­яга ж-а улут округуна бөлүнөт.

Мамлекеттик түзүлүшү. Доминика Республикасы – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – президенттик рес­публика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – пре­зидент. (2004-жылдан Л. Фернандес). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки па­латалуу Улуттук конгресс (Депутаттар пала­тасы ж-а Сенат). Саясий партиялары: Реформисттик социал-христиан партиясы, Домини­ка революциялык партиясы, Доминика боштондук партиясы, Көз каранды эмес революциялык партия.

Табияты. Гаити аралы тоолуу; тоолору терең өрөөн­дөр ж-а туюк ойдуңдар м-н бөлүнгөн. Эң бийик Кордильера-Сентраль (Сибао) тоолорунун орточо бийиктиги 2400–2750 м; анын борбордук бөлүгүндө өлкөнүн эң бийик жери – Дуарте тоосу жай­гашкан, бийиктиги 3175 м. Бул тоолордун түндүк тарабында калк жыш отурукташкан, жери күр­дүү, Сибао өрөөнү 240 кмге созулуп жатат. Жээк бөлүктөрүн да кууш түздүктөр ээлейт. Гаити аралынын чыгыш бөлүгүндө акиташ тегинен түзүл­гөн зор плато жайгашкан, ал Кариб деңизин карай жантайыңкы. Мында өлкөнүн эң зор түздүгү ж-а борбор шаары – Санто-Доминго жай­гашкан. Түштүгүндөгү Кюльде-Сак ойдуңу жа­кынкы эле геологиялык мезгилде деңиз булуңу болгон; анын бир бөлүгү деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан, андагы туздуу Энрикильо көлүнүн бети деңиз деңгээлинен 44 м төмөн жатат. Климаты тропиктик, пассаттык, кышы кургакчыл, жайы нымдуу. Айлык орточо температурасы (1000 м бийиктикте) 24– 29°С. Жаан-чачыны көбүнчө жайдын аягында, ураган маалына дал келет; жылдык орточо өлчөмү 1000–1500 мм, тоолордун айдарым түштүк-батыш капталдарында 2000 ммден ашык. Мындагы нымдуу тропик токою (кызыл ж-а кампеш тип­теги дарактар) өйдөлөгөн сайын ийне жалбы­рактуу токойго өтөт. Кургакчылыраак түштүк кап­талдарында аралаш токой өсүмдүктөрү кезде­шет. Табигый өсүмдүктөр өлкөнүн кыйла бөлү­гүндө жок болуп кеткен; мурдагы жергиликтүү өсүм­дүктөрдүн калдыгы дарыя жээктериндеги саван­на ж-а жыш токой түрүндө сакталган. Түштү­гүндө тикендүү бадалдар ж-а зор кактустар өсөт.

Калкынын 75%ке жакыны мулаттар, 10% негрлер, 15% европалыктар. Акча бирдиги – пе­со. Мамлекеттик тили – испан тили. Дини – като­лицизм. Шаар калкы 40% (1970). Ири шаар­лары: Санто-Доминго (калкы 2,6 млн), Сан­тьяго (5 миңдей), Сан-Франсиско-де-Макорис

Айыл чарбалуу пейзаж.
Ла-Романа курорт шаарынын деңиз жээгиндеги паль­малуу пляжы.
Сантьяго-Де-Лос-Кабальеро шаары.

(1,8 миң), Сан-Педро-де-Макорис (2,2 миң), Ба­раона, Ла-Романа (1,7 миң) ж. б. ББУ, ЭВФ, Америка өлкөлөрү уюму, Бүткүл дүйнөлүк банк ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Тарыхы. Гаити аралын байыркы мезгилдерден ин­дей уруулары жердеп, алар аралды Гаити деп аташкан. Гаити аралы Х. Колумб тарабынан 1492-жылы ачылып, Эспаньола («Кичи Испания») деп ата­ган. 15-кылымдын аягында аралдын чыгыш бөлүгү (азыркы Доминика Республикасынын аймагы) Испаниянын коло­ниясына айландырылган. Испан колониячыла­ры жергиликтүү уруулардын көпчүлүгүн кырып жок кылган. 1496-жылы испандыктар аралда Санто-До­минго-де-Гусман шаарын курушкан. 1697-жылы арал­дын батыш бөлүгү Францияга берилген, ал эми чыгыш бөлүгү Испаниянын бийлиги астында калган. 1795-жылы арал толугу м-н Франциянын көзөмөлүнө өтүп, 1808-жылы кайрадан испандык­тарга кайтарылган. 1810–26-жылдарда Америкадагы ис­пан колонияларынын көз каранды эместиги үчүн согуштун натыйжасында, 1821-жылы Санто-Домин­го көз каранды эместигин жарыялайт, бирок 1822-жылы ал Гаити республикасынын курамына киргизи­лет. Боштондук үчүн күрөштүн натыйжасында, 1844-жылы Доминика Республикасынын көз каранды эместиги жарыя­ланып, конституция кабыл алынган. Генерал

Педро Сантана президент болуп шайланган. 1861-жылы Доминика Республикасын кайрадан Испания басып алган. 1865-жылы гана өлкө испан эзүүсүнөн толук кутул­ган. 1916–24-жылдарда Доминика Республикасы АКШ тарабынан окку­пацияланган. 1930-жылы АКШнын колдоосу м-н Р. Л. Трухильонун диктатордук режими орно­тулган. 1961-жылы Трухильо өлтүрүлгөндөн кийин, 60-жылдардын ортосунда өлкөдө диктатураны колдоочулар м-н демократиялык күчтөрдүн ортосунда узакка созулган күрөш жүргөн. 1965-жылы АКШ куралдуу интервенция жасоого аракеттенген. 1966-жылы реформисттик социал-христиан партия­сы бийликке келген. 1994-жылы шайлоодо Лео­нель Фернандес президент болуп шайланган. Ал өлкөдө демократиялык реформаларды баштаган.

1996-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. 1998-жылы майда Улуттук конгресске шайлоолордо Доминикан революциялык партиясы жеңишке жетишкен.

Экономикасы. ИДП 1996-жылы 12,4 млрд доллар­ды түзгөн, киши башына бөлүштүргөндө 1600 доллардан айланат. ИДПнин 13%ин айыл чарбасы, 24%ин өнөр жайы берет; андагы инвестициянын үлүшү 20%; анын 3/4 үн ички топтомдон, калганы чет элдик кредиттен каржыланат. Өлкөнүн экономика­сында айыл чарбасынын үлүшү төмөндөп (1960-жылы айыл ч­арбасында калктын 60% иштесе, 1994-жылы 32%ке чей­ин азайган), ал эми казып алуу өнөр жайы м-н ту­ризм өнүгүүдө. Дыйкандардын көбүнүн 2 гектар­га чейин гана жери бар. Айдоо жердин жары­мына жакыны мамлекетке таандык, ал эми бал камыштын ири плантацияларына жергиликтүү байлар ж-а АКШнын «Галф энд уэстерн корпорейшен» компаниялары ээлик кылат. Башкы айыл чарба өсүмдүгү – бал камыш; ошондой эле маанилүү экспорт­тук өсүмдүктөргө – кофе ж-а шоколад даракта­ры, жер жемиш ж-а тамеки кирет. Ички керек­төө үчүн шалы, буурчак, маниок ж-а банан өстү­рүлөт. Уй, чочко ж. б. үй жаныбарлары асыра­лат. Жээк сууларынан чакан кемелер м-н балык кармашат. Токойду кыюуга тыюу салынган.
Доминика Республикасынын аймагында бокситтин, никелдин (чет өлкөлүк компаниялардын карамагында), ал­тындын, күмүштүн чамалуу запасы бар. Ошондой эле жез, кайнатма туз кендери казылып алынат.

Самана бухтасынын жээгиндеги Гран-Байе отели.

Доминика Республикасынын акчасы.

Тоо-кен өнөр жайы экспорттук кирешенин маанилүү булагы болуп саналат. 1981-жылы Бараон шаарына жа­кын нефть кени ачылган. Өлкөнүн бүт электр станцияларынын кубаттуулугу 2454,4 миң кВт; анын 14%ин ГЭС, 62%ин нефть м-н иштеген ЖЭС өндүрөт.
Иштеп чыгаруу өнөр жайынын 2/3 си айыл чарба сырьёсун иштетет. Кийим, цемент, картон ички рынок­тун муктаждагын камсыз кылат. Спорт товар­ларын да чыгарат. Телекоммуникация система­сы, туризм ж-а курулуш ыкчам өнүгүүдө. Өлкөдө 7 эркин өнөр жай-экономикалык зонасы түзүлүп, анда кийим-­кече, электр товарлары, бут кийим даярдалат. Ички жүктөрдүн дээрлик бардыгы автомобиль жолу м-н ташылат, анын узундугу 12,3 миң км. Жал­пы узундугу 12 км темир жолдо негизинен кант ташылат. Эл аралык 2 аэропорту (Пуэрто-Плато, Сан­то-Доминго шаарларында) бар; Санто-Доминго – өлкө­нүн негизги деңиз порту. Өкмөттүн көзөмөлүн­дөгү 150 радиостанция ж-а телестанция иштейт.
Өлкөнүн сырткы соодасынын жалпы көлөмү ИДПнин 50%тейин түзөт. Экспорту негизинен минералдык сырьёлорду ж-а айыл чарба продукция­ларын камтыйт. Кант экспорттук кирешенин 20%ин, калгандарын алтын, күмүш, никель, боксит, кофе, какао, фурфурол (эритме), таме­ки, жеңил ж-а электр-техника өнөр жай продукцияла­ры түзөт. Негизги импорту – нефть (Венесуэла ж-а Мексикадан алат), ошондой эле азык-түлүк, химиялык продуктулар, автомобиль, электр-техникасы. Не­гизги соода шериги – АКШ, ага импорттун 1/3 , экспорттун 2/3 си туура келет.

Маданияты. Доминика Республикасында 1951-жылы балдардын мил­деттүү окуусу жөнүндө мыйзам кабыл алынганына карабастан, калктын 32% сабатсыз. Балдар 7– 14 жашка чейин мектепте окушат. Өлкөдөгү ири университет Санто-Домингодо семинариянын базасын­да 1538-жылы ачылган. Мадре-и-Маэстро католик университети Сантьяго шаарында 1962-жылы негизделген. Учур­да Доминика Республикасында 8 университет бар, аларда 90 миңге жакын студенттер билим алышат. Ири китепканала­ры ж-а музейлери: Санто-Доминго университетинин ки­тепканасы (1538), Улуттук китепкана, Улуттук музей (1927), Санто-Доминго улуттук асем өнөр музейи (1943).
Адабияты негизинен испан тилинде өнүгүүдө. Ага Ф. М. Монте (1819–99) негиз салган. Доминика Республикасынын адабиятынын өз алдынчалыгын аныктоо максатын­да жазуучулар жергиликтүү эл (индейлер) жөнүндөгү эс­керүүлөргө кайрылышкан. М. де Гальван (1834– 1911) испандардын Вест-Индияны каратуудагы тарыхынан алып, «Энрикильо» романын жаз­ган. 20-кылымдын баш ченинде адабияттагы модернизм О. Базиль (1884–1946), А. Лугонун чыгармала­рынан көрүнөт. АКШ аскерлеринин Доминика Республикасын окку­пациялашы (1916–24) адабиятта каршылык көрсө­түү мотивдерин күчөтөт. А. Ф. Рекенанын (1908–52) «Жер душманы» (1936), «Алоолонгон сапар» (1941), «Бейит белгиси жок көрүстөн» (1949), Р. Марреро Аристинин «Ашыкча пайда» (1939) романдарында ошол мезгилдеги татаал жаг­дайлар чагылдырылган. Доминика жазуучу­ларынын ичинен Энрикес Уреньялар да кеңи­ри белгилүү. Саломе Уренья де Энрикес (1850–97) аялдардын педагогикалык курсун, аялдар үчүн алгач­кы жогорку билим берүү борборун уюштур­ган. Анын уулдары Педро Энрикес Уренья (1884– 1946), Макс Энрикес Уренья (1885–1968) маданият тарыхына арналган чыгармаларды жара­тышкан. 16-кылымга чейин өлкөдө индейлердин искусствосу өнүгүп келген. 15-кылымдын аягы–16-кылымдын башында испандар соңку готика ж-а кайра жаралуу доо­рунун стилинде Санто-Доминго ж. б. шаарларды курушту. 20-кылымдан имараттар ж-а айрым ра­йондор АКШ архитектурасынын үлгүсүндө курула баштаган. Д. Сура, Х. Кольсон, Х. Энандес Ор­тега ж. б. сүрөтчүлөрдүн чыгармаларында ев­ропалык ж-а америкалык модернисттик агымдардын таа­сири бар. Улуттук реалисттик образдар С. Вос­и-Хиль, А. Бонилья, Х. О. Морель ж. б. живо­писчилердин чыгармаларында түзүлгөн.

Ад.: Кремер Т. И. Доминиканская Республика. М., 1980; История Латынской Америки. М., 1979; т. 2, М., 1982.