ДОМИНИОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДОМИНИО́Н (лат. dominiom – ээлик, бийлик) – Британ империясынын курамындагы, Англия королун мамлекеттин башчысы деп тааныган өлкөлөр. Доминиондорду англиялык королго баш ийген генерал-губернаторлор башкарган. Бийликти Доминион формасында уюштуруу мурда эле пайда болуп, Канадага (1867), Австралия Союзуна (1901), Жаңы Зеландияга (1907), Түштүк Африка Союзуна (1910) ж-а Ирландияга (1921) Доминион статусу берилген. Доминиондордун эгемендиги 1931-жылы Вестминстер статуту м-н бекитилген. 1947-жылы «Доминион» термини «Шериктештик мүчөсү» деген термин м-н алмаштырылган, к. Шериктештик.