ДОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОН (иран тилдеринде – «суу», «дарыя» маани­синде; байыркы гр. Т а н а и с) – Россиянын европалык бөлүгү аркылуу аккан дарыя. Узундугу 1870 км, алабынын аянты 422 миң км2. Орто Орус дөң­сөөсүнөн башталып, Азов деңизинин Таганрог булуңуна куярда дельтаны (аянты 342 км2ге че­йин) пайда кылат. Дондун өрөөнү кыйла аралык­ка чейин Орто Орус дөңсөөсүнүн чыгыш тик чети аркылуу өтөт. Төмөнкү бөлүгүндө жер анча эң­кейиш болбогондуктан, өтө жай агат. Негизги куймалары – Хопёр, Медведица, Сал (сол); Се­верский Донец (оң). Орточо чыгымы 935 м3/сек. Жогорку бөлүгүндө ноябрдын башынан апрел­дин ортосуна чейин, төмөн жагында декабрдын башынан марттын аягына чейин муз тоңот. Дон – кеме жүрүүчү Волга–Дон каналы аркылуу Вол­га дарыясы м-н туташат. Дарыяга Цимлян ГЭСи ж-а суу сактагычы, Николаев, Константинов, Ко­четов гидротүйүндөрү курулган. Балык карма­лат. Сосна дарыясынын чатынан баштап кеме жүрөт (1604 км). Георгиу-Деж шаарынан тартып кеме үзгүлтүксүз каттайт (1355 км). Боюндагы негиз­ги шаарлары: Георгиу-Деж, Калач-на-Дону, Вол­годонск, Ростов-на-Дону, Азов.