ДОНЕЛАЙТИС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОНЕЛА́ЙТИС Кристионас (1. 1. 1714, азыркы Литва, Радвилишкис району, Лаздинеляй – 18. 2. 1780, Тольмингнемен, азыркы РФ, Калинин­град облусу, Чистые Пруды) – литва акыны, лит­ва көркөм адабиятына негиз салуучу. 18-кылымдагы Ев­ропа адабиятындагы реалисттик багыттын өкүлү. Кёнигсберг университетин (1740) бүтүргөн. Донелайтистин чыгар­масы өз учурунда кол жазма түрүндө таралган. Ал 6 тамсил (1824-жылы басылган) ж-а атактуу «Жыл мезгилдери» (1818-жылы жарыяланган) поэ­масынын автору. Социалдык мааниси, реалист­тик принциптердин жеткилең иштелиши, көркөм образдардын күчү боюнча Донелайтистин «Жыл мез­гилдери» – дүйнөлүк адабияттын классикалык үл­гүлөрүнөн. Поэманы И. В. Гёте, А. Мицкевич ж. б. жогору баалаган. Поэма чет тилдерге ко­торулган. Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк сове­тинин чечими м-н Донелайтистин туулган күнүнүн 250 жылдыгы белгиленген (1964).