ДОНЕЦК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДОНЕ́ЦК (1924-жылга чейин Юзовка, 1924–61-жылдарда Сталино) – Украинадагы шаар (1917-жылдан). Донецк облусунун административдик борбору. Кальмиус дарыясынын боюнда, Донбасстын борбордук бөлүгүндө. Калкы 1,2 млн (2000). Темир жол тоому. Көмүр казып алынат. Кара ж-а түстүү металлургия, машина куруу (тоо-кен, металлургия ж. б. өнөр жайы үчүн жабдуу, муздаткыч, кабель, велосипед ж. б.), химия (химиялык-реактив, пластмасса ж. б. заводдору), кокс-химия, тамак-аш–татымал, жеңил (анын ичинде кебез кездеме) өнөр жайы өнүккөн. Украина ИАнын илимий борбору.
Беш ЖОЖ (анын ичинде университет), 3 театр (анын ичинде опера ж-а балет театры), мекен таануу, көркөм сүрөт музейи бар. 1869-ж. негизделген.