ДООНУН ЭСКИРИШИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДООНУН ЭСКИРИШИ – бузулган укукту калыбына келтирүү максатында сотко же бейтарап сотко кайрылуу үчүн мыйзам тарабынан белгиленген мөөнөт. Доонун эскиришинин жалпы мөөнөтү – 3 жыл. Кээ бир талаптар үчүн мыйзамда жалпы мөөнөткө салыштырмалуу кыскартылган же узартылган доонун атайын мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Доонун эскиришинин мөөнөтү доо коюу укугу пайда болгон күндөн, башкача айтканда доогер өз укугунун бузулгандыгын билген күндөн башталат. Сот себебин жүйөлүү деп тапса, өтүп кеткен Доонун эскиришинин мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укуктуу. Доонун эскиришинин мөөнөтү м-н аны саноо тартиби тараптардын макулдугу аркылуу өзгөртүлбөйт.
К. Эсенканов.