ДОЦЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЦЕ́НТ (лат. docēns – окутуучу, үйрөтүүчү) – ЖОЖдордун окутуучуларынын илимий наамы же ээлеген кызматы. Россияда Доцент наамы 1863-жылы киргизилген (магистрлик даражасы бар муга­лимдерди Доцент дешкен). КРде Доцент наамы жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеңешинин су­нушу боюнча конкурстан өткөн илимдин доктор­лоруна, кандидаттарына Кыргыз Республикасынын улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан берилет. Кээде атайын педагогикалык стажы, илимий эмгекте­ри, ойлоп табуулары бар, бирок илимий даражасы жок жогорку квалификациялуу эл чарба адис­терине да Доцент наамы ыйгарылат.