ДОҢУЗ-СУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОҢУЗ-СУУ – Өзгөн районундагы суу, Жазы­нын оң куймасы. Узундугу 44 км, алабынын аянты 192 км2. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан башталат. Жогорку агымы Саз деп аталат. Алабынын деңиз деңгээлинин орточо бийиктиги 2000 м. Терең капчыгай аркылуу агат. Алабы дээрлик суу куралуу облусуна кирет. 20дай ча­кан куймасы бар. Суу капчыгайдан өрөөнгө чык­канда Доңуз-Тоо кыштагы аркылуу агып өтүп, Жазы суусуна оң жактан куят. Жылдык орточо чыгы­мы 2,74 м3/сек, эң көбү майда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат.