ДОҢУЗ КОРГОШУН КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДОҢУЗ КОРГОШУН КЕНИ Нарын облусунун Жумгал районунда, Ак-Улак кыштагынын түштүк-чыгышында, Молдо-Тоонун түндүк жак бетинде. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон доломит ж-а доломиттешкен акиташтеги түзөт. Бул тектер бүктөлүүгө дуушарланып, антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Анын түштүк канаты жылышуулар тибиндеги жаракалар м-н тилмеленген. Кенташ тилкеси брекчияланган жаракаларда топтолуп, тарам, линза, уя түрүндө жатат. Узундугу 500 м, калыңдыгы 0,5–2 м. Кендин түндүк- батыш жагы элювий-делювий чөгүндүсү м-н жабылып калган. Чыгыш тарабы кууштап, жок болот. Негизги минералы: галенит, сфалерит, пирит, халькопирит ж. б. Кенташ тилкесинин үстүнкү бөлүгү кычкылданууга дуушарланган.