ДРАВА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДРА́ВА – Европадагы дарыя, Дунайдын оң куймасы. Узундугу 749 км, алабынын аянты 40,4 миң км2. Негизинен Орто Дунай түздүгү (Словения, Хорватия) аркылуу агат, жогорку агымы Альп тоолорунан (Италия м-н Австрияда) башталат. Орточо чыгымы 610 м3/сек. 105 км аралыкка кеме жүрөт, жогорку агымына ГЭС каскады курулган. Боюнда Филлах (Австрия), Марибор (Словения) ж. б. шаарлар жайгашкан.