ДРАЙВЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРА́ЙВЕР (driver) – операциялык системанын же колдонмо программанын сырткы түзүлмөлөр (мисалы, принтер, сканер, чычкан ж. б-лар) м-н өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылуучу системалуу программа. Ал, эреже катары, сырткы түзүлмөнү жасоочулар тарабынан, анын түзүлүш өзгөчө­лүктөрүн эске алуу м-н жасалып, сатууга кошо жөнөтүлөт. Иштетүү системасынын програм­малар курамына кирбегени жүктөлүүчү (рези­денттик эмес) Драйвер деп аталып, түзүлмө (принтер, чычкан, сканер ж. б.) м-н иштөөчү программа­нын иштөө алдында атайын аракеттер м-н жүк­төлөт.