ДРАЙЗЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРА́ЙЗЕР Теодор (27. 8. 1871, Терре-Хот, Индиа­на штаты – 28. 12. 1945, Голливуд) – америкалык жазуучу. АКШ адабиятындагы сын реализминин өкүлү. 1889–90-жылдарда Индиана штатындагы Блу­мингтон университетинде окуган. Адабий ишмердиги 1892-жылдан башталган. 1897-жылдан аңгеме, очерктери басылган. «Карындашым Керри» (1900), «Женни Герхард» (1911), «Финансист» (1912), «Титан» (1914), «Гений» (1915) аттуу бел­гилүү романдардын автору. «Ур, добулбас!» (1920) аттуу китебинде Россияга каршы баскын­чылыкты айыптаган. «Америка трагедиясы» (1925) романы м-н Драйзер реалисттик чеберчилик­тин жогорку баскычына көтөрүлгөн. Совет өк­мөтүнүн чакыруусу боюнча 1927-жылы СССРге келип, өз көргөндөрү жөнүндө «Драйзер Россияга көңүл бурат» (1928) деген китебин жазган. СССРди кыдырып чыккандан кийин жазган «Эрнита» повестинде америкалык адабиятта биринчи жолу комму­нисттин образын түзгөн. Экинчи дүйнөлүк со­гушта фашизмге каршы күрөшкөн, совет эли­нин баатырдык күрөшүн колдоп, гитлерчилер­ди айыптаган.